Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрү биргелешкен билдирүүгө кол коюшту

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 3376 | 0

Кыргызстан менен Тажикстан Баткен облусунун жана Согди облусунун чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз жана тажик тарап чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалдын келип чыгуу себептерин талкуулашып, окуянын кесепеттери, куралдуу кагылышууну токтотуу, аскердик техниканы алып чыгып кетүү боюнча өз ара макулдашты.

Ошондой эле документте тажик жана кыргыз өкмөттөрүнүн демилгеси менен чек аралаш аймактардагы куралдуу жаңжалды жөндөө максатында түзүлгөн комиссия кагылышты токтотуу, аскерлерди жана аскер техникасын мурда жайгашкан жерине алып кетүү, чыңалууну мындан ары курчутпоо үчүн чараларды көрүү жана биргелешкен жумушчу топ түзүү тууралуу да макулдашкан.

Биргелешкен билдирүүгө Кыргыз делегациясынан Өмүрбек Суваналиев, Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов кол коюшту.

Эске салсак, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан Баткен райондук суу чарба башкармалыгына караштуу «Головной» башкы суу алуу түйүнүн жарыктандыруу үчүн коюлган электр мамысына тажик жарандары видеокөзөмөл орноткон. Алар экинчи мамычага да камера орнотуп жаткан учурда кыргыз чек арачылары токтотуп калган. Кыргызстандын аймагына тажик тараптан коюлган видеокөзөмөлдү алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жаткан учурда тажиктер ок чыгарган.

29-апрелде эртең менен кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып, кыргыз жараны оң көзүнөн жараат алган. Түштөн кийин чек арадагы абал кайрадан күчөп, 14:00дө Тажикстандын чек ара аскерлери Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемёт, автомат менен атып баштаган.

29-апрелдин кечинде Баткен облусунун Лейлек районунун Арка, Жаштык, Максат жана Эски Оочу айылдарына Тажикстандын аскерлери оор техника менен аткылап, тургундар жакынкы айылдарга качып чыгышкан. Айылдарда үйлөр өрттөлгөн.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 29-апрелдин түнүндө саат 24:00гө берген маалыматына караганда, чек арадагы кагылышууда үч жаран каза таап, жарадар болгондордун саны 84кө жетти.

Чек ара кызматы саат 23:45ке карата кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу токтогонун билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM