Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган жарандардын саны кечки саат 20.00гө карата 31ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова кабарлады.
Жабыркаган 31 кишинин бири көз жумду, бирине жардам көрсөтүлдү, 29у ооруканада.
Баткенде чыр чыккан кыргыз-тажик чек ара аймагында жашаган 400дөй адам Баткен шаарындагы төрт мектепке убактылуу жайгаштырылды.
Маалыматтарга караганда, тажик тараптан жети адам жаракат алды.