Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде Өкмөт мүчөлөрү менен Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.
Анда өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн, бул кырдаалга тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматтары угулду.
Кеңешменин жыйынтыгында түзүлгөн кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.
Тышкы иштер министрлигинин алдына дипломатиялык каналдар аркылуу тынчтык жолу менен кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди улантуу милдети коюлду.