Биз менен байланышыңыз

УКМК: Тажик тарап миномет, пулемёт менен атып баштаган

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 785 | 0

Бүгүн, 29-апрель саат 14.00дө Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемёт, автомат менен атып баштаган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Кырдаалды координациялап, тажик чек арачылары тарабынан козголгон куралдуу чыр-чатакты локалдаштыруу боюнча УКМКнын чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Уларбек Шаршеев окуя болгон жерде чараларды көрүп жатат.

Эске салсак, кечээ, 28-апрелде саат 11:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын жээгинен тажик жарандары эксковатор жана «КамАЗ» менен шагыл жүктөп кеткен. Андан кийин 11:30 чамасында Көк-Таш айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан Баткен райондук суу чарба башкармалыгына караштуу «Головной» башкы суу алуу түйүнүн жарыктандыруу үчүн коюлган электр мамысына тажик жарандары видеокөзөмөл орноткон. Алар экинчи мамычага да камера орнотуп жаткан учурда кыргыз чек арачылары токтотуп калган.

Кыргызстандын аймагына тажик тараптан коюлган видеокөзөмөлдү алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жаткан учурда тажиктер ок чыгарган.

Бүгүн, 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып, кыргыз жараны оң көзүнөн жараат алган. Түштөн кийин чек арадагы абал кайрадан күчөп, дагы 2 жаран октон жаракат алганы айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM