Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 29-апрелде өлкө аймактарында жаан жаабайт.
Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33;
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +27…+32;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+36, күндүз +29…+34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22;
Нарын жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24 градус.
Бишкек шаарында 29-апрелде жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +31…+33 градус ысык болот.