Биз менен байланышыңыз

Бишкекте башаламан соода кылгандарга айып салынууда

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 273 | 0

Борбор калаанын Биринчи Май району башаламан соода кылгандарга 51 миң сом айып салды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы  билдирди.

Маалыматка ылайык, акимиаттын кызматкерлери борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы башаламан сооданы жоюу боюнча рейддерге чыгууда.

Велосипед жана батут ижарасынын ээлерине — өкмөттүк имараттардын, маданий эстеликтердин, сыйынуучу жайлардын жанына, жүргүнчүлөр өтүүчү жолго жана тротуарларга уруксатсыз көңүл ачуучу жайларды орнотууга тыюу салынат деген эскертүү берилүүдө.

Башаламан соода кылган адамдарга карата Бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча жалпы суммасы 51 миң сомду түзгөн 17 административдик протокол түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM