Биз менен байланышыңыз

Күндүн табы 33 градуска чейин жогорулайт

Кыска кабар | 27 Апр 2021 | 341 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 28-апрелде өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +28…+33;

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +25…+30;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +28…+33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22;

Нарын жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23 градус.

Бишкек шаарында 28-апрелде жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +30…+32 градус.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM