Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бишкектеги 10 ооруканада 200дөй бош орун бар

Кыска кабар | 27 Апр 2021 | 267 | 0

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги ооруканалардагы бош орундар тууралуу маалымат берди.

Учурда Бишкектеги 10 ооруканада 200дөй орун бош:

— Улуттук хирургия борборунда — 5;

— Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында — 12;

— №2 клиникалык төрөт үйүндө — 10;

— Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталда — 35;

— Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары бөлүмү — 77;

— №1 шаардык клиникалык оорукана — 12;

— №6 шаардык клиникалык оорукана — 5;

— Улуттук кардиология жана терапия борбору — 18;

— Чүй облустук ооруканасы — 7;

— Улуттук онкология жана гематология борбору — 10.

Кыргызстанда 27-апрелге карата коронавирус жуктургандардын жалпы саны 94 миң 277ге жетти, каза болгондор 1589, айыккандардын саны 88 миң 415 болду.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 1469 бейтап, үй шартында 1817 адам дарыланууда. Анын 1049у орто оордукта, 342 адамдын абалы оор жана 65 бейтап өтө оор абалда жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM