Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Беш адам каза болуп, 247 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 27 Апр 2021 | 578 | 1

Кыргызстанда 27-апрелге карата  дагы 247 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде, Бишкекте – 146, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 79, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 7, Нарын облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылды.

Пандемия башталгандан бери 94 миң 277 адамга вирус жукту.

Ошол эле сутка ичинде Бишкекте 3, Чүй облусунда 2 бейтап каза болду. Былтыр марттан бери 1589 адам илдеттен көз жумду.

27-апрелге карата дагы 203 адам коронавирустан айыгып, ооруну жеңип чыккандардын саны 88 миң 415 болду.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 1469 бейтап, үй шартында 1817 адам дарыланууда. Анын 1049у орто оордукта, 342 адамдын абалы оор жана 65 бейтап өтө оор абалда жатат.

Акыркы суткада медициналык кызматкерлер арасында 6 жаңы учур катталды. Коронавирус менен ооруп калган медиктердин жалпы саны 4411ге жетип, анын 4 миң 326сы айыкты.

1 пикир

1 пикир

  1. Дамира

    28.04.2021 07:11

    Арам акчаны табуу үчүн иштеген кыргыз жарандары дагы, арамдан акы алып үй бүлөөсүн арам менен багат экен да анда. Арам делген арактын айынан эле көп үй бүлөөдө канча кыйынчылыктар болуп жатат. Ошол арак өндүргөн, арак саткан,арак ташыган, кумар ойноткон ага кызмат көрсөткөн адамдар бул дүйнөдө түбөлүккө жашоого кепилдиги барбы. Мусулманмын деген адам өлөөрүн ойлобойбу. Ошолорго шарт түзүп мыйзам чыгаргандардын үй бүлөөсүнөн, балдар туугандарынан кумарпоз, аракеч, ууру — кески чыкпасына кепилдиги барбы. Жаман ишиң эмес жаман оюңдун дагы жазасы бул дүйнөдө андан кийин аккыретте болоорун алар ойлонбойт бекен. Жакшылыктын баардыгы жараткандан, жамандык биздин ниетибизден жана кылган ишибизден делет экен го. Арам менен баккан балдарыбыз биздин карылыгыбызды,алтургай мамлекетибизди дагы талкалабайт деп кайсы кыйыныңар кепилдик бересиңер.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM