Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 6,50 пайызга чейин жогорулатты. Чечим 27-апрелден тартып күчүнө кирди.
Банктын маалыматына караганда, Кыргызстанда экономикалык ишмердүүлүк калыбына келип жатат, бирок ички суроо-талап төмөн бойдон сакталып калууда.
Реалдуу эмгек акынын өлчөмү 2021-жылдын январь-февраль айларында 5,3 пайызга кыскарган.
Ички керектөөнүн калыбына келүү факторлорунун бири катары өлкөгө акча которуулардын агылып кирүүсүнүн көбөйүшү саналат. 2021-жылдын январь-февраль айларында акча которуу 6,4 пайызга жогорулап, 254 млн долларды түзгөн.
Инфляция азык-түлүк товарларына жана күйүүчү-майлоочу материалдарга баалардын жогорулашы менен шартталган.
2021-жылдын апрель айында инфляция 8,6 пайызды түзгөн.