Бүгүн Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, драматург, профессор Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Маркум менен коштошууга бир катар мамлекеттик жогорку кызмат адамдары, маданият ишмерлери, үй-бүлөсү, жакын санаалаштары келди. 25-апрелде 85 жаш курагында көз жумган залкар драматург Бексултан Жакиевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди.
Бексултан Жакиев адабият астанасын аттап киргенде эле бүтүндөй кыргыз элине дүң болгон. Анын студент кезинде жазган «Атанын тагдыры» аттуу алгачкы драмасы адабий башаты да, чыгармачылыгынын туу чокусу да болуп калды. Жалгыз уулу Улуу Ата Мекендик согушта курман болуп, андан калган жалгыз туяк — небересин медер тутуп, эш тутуп күн кечирген карыянын тагдыры, согуштан кийинки мезгилдин бир сүрөтү камтылган бул чыгарма Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын өзүндө эле 500дөн ашуун жолу, ал эми өлкөнүн башка театрларында жана чет элдик театрларда 1000ге жакын жолу коюлуп, театр тарыхында рекорд жасаган.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Бексултан Жакиевдин өмүр жолун улутка кызмат кылуунун үлгүсү катары баалады. Анын эмгек жолуна мындайча токтолду:
«Бексултан Жакиев калемгер болуудан сырткары улутубуздун чыгаан инсаны катары кыргызга нар көтөргүс кызмат кылды. Ал «Манаска» кызмат кылды. «Манас-1000» дирекциясын жетектеп, «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесинин сценарийин жазып, улутубуздун эгемендик жылдарында, мамлекетибиздин идеологиясын алга жылдырууда өзүнүн чоң калемгерлик, атуулдук вазийпасын өтөдү. Бексултан абабыз өмүрүн маданиятка арнады. Ал алгачкы эмгек жолун «Кыргызфильм» киностудиясынан баштап, Маданият министрлигинде, Кыргызстан кинематографисттер союзунда, Кыргызстан театр ишмерлер союзунда чыгармачылык жолду аркалап, редактор болуп, биздин көптөгөн чыгармачыл сапарыбызга өзүнүн инсандык үлгүсүн көрсөткөн».
Бексултан Жакиев дегенде бүтүндөй бир доорду көз алдыбызга элестетебиз. Бул доор — кыргыз драматургиясынын жана театрынын доору. Аны жалгыз гана «Атанын тагдыры» чыгармасы менен чектөөгө болбой турганын айтат Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, театр сынчысы, драматург, режиссёр Жаныш Кулманбетов.
«Жакиевдин драмаларын айта турган болсом, эки темасына өзгөчө көңүл бөлүшүбүз керек. Биринчиси, албетте «Атанын тагдыры». Согуштан кийинки балдарын күткөн кыргыз ата-эненин тагдыры деп айтсак болот. Бул өтө урунтуу учур болуп эсептелинет. Анан экинчиси, дал ошондой атанын 30 жылдан кийинки тагдырын камтыган «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» драмасы. Анын 30 жылдан кийинки тагдыры балдары кайрымсыз болуп, баш калкалоочу жайларга тапшырып кое турган абалга жетип калган кыргыздын тагдыры жөнүндө. Бул эки чыгармасы — менимче, Жакиевдин чыгармаларынын ичинен эң көрүнүктүүсү. Анан дагы үчүнчү бир чыгармасы: «согуштун анатомиясы» аталган кадимки «Саадак какты» драмасы. Мында чыгармага өзүнчө бир философия берип, согуштан кантип чыгуу мүмкүн экенин, бир сөз менен айтканда, шайтандын азгырыгы бир туугандарды кандай абалга алып келерин ушул чыгармада өтө жогорку чеберчиликте чагылдырган».
Бексултан Жакиев адам катары кара кылды как жарган калыс, кайсы жерде болбосун, түз сүйлөгөн чынчыл адам болгонун, өмүр жолунда маданиятчыларга, өнөрпоздорго, шакирттерине маяк болуп, өнөр адамдарын алга сүрөп келгенин шакирти, кинорежиссёр Садык Шер-Нияз эскерип өттү:
«Сыймыктуу Кыргыз Эл Баатыры болуу кыйын, бирок кыргыздын аксакалы болуу — андан да оор, андан да сыймыктуу. Мына сиз ошондой аксакал болуп бердиңиз. Сиз кайсы жерде болбосун, акыйкаттан кайтпай, түз сүйлөп келдиңиз. Сизге карап биз түздөнүп келдик, маданиятчылар, өнөрпоздор, шакирттери түздөнүп келдик. Сиз чолок жерден кол таап келдиңиз, чукул жерден жол таап келдиңиз. Сиз бизге маяк болуп бердиңиз. Бексултан байке, биз сизди үлгү кылабыз, маяк кылабыз. Сиз кыргыз өнөрүнө кызмат кылдыңыз, кыргыз өнөрү барда кыргыз өлбөйт. Демек сиз да өлбөйсүз. Сиздин атыңыз биздин эсибизде түбөлүккө калат. Кош болуңуз!».
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин мурдагы ректору Асанбек Асакеев анын мыкты калемгер гана эмес, мыкты мугалим да болгонун баса белгилейт. Бексултан Жакиев аталган окуу жайда иштеген жылдарда көптөгөн студенттерди тарбиялап чыгып, алар учурда Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү бир катар маданий мекемелерде ийгиликтүү эмгектенип келет.
«Мен ректор болуп турганда чогуу иштешип калдык. Ал киши Бакуга барып, профессор-доцент деген наамды алып келди. Мугалимдик жагынан студенттер абдан жакшы көрүшчү. Лекцияларын ушунчалык жакшы өткөндүктөн, бу киши келе жатканда эле аудиториясы толуп калчу. Мугалимдик жагын ушул убакытка чейин эстейм. Коллектив да абдан жакшы сыйлачу».
Жазуучу 2000-2003-жылдары даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынган. Жакиев өзгөчө «Манас» эпосун пропагандалоодо, коргоодо, балдарга жетирүүдө чоң эмгек кылганын Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаков баса белгилеп өттү.
«Бексултан атабыз чыныгы баатыр болчу. Нарктуулук эмне экенин, салт, калыстык эмне экенин үлгү катары көрсөтүп кеткен. Манас дүйнөсү, кыргыз дүйнөсү дегенде кылычтын мизинде тура калган мүнөзү менен жалпы элдин эсинде калды деп ойлойм. Чындап келгенде, бүтүндөй доор кошо кеткендей болду да. Айтматов баш болгон, андан мурунку Саякбайдан берки нерселердин баарын көзү көрүп калган, кулагы угуп калган, акылына кыттай куюп, ошолордун жол-жосунун да айта жүргөн аксакал эле. Мына ошолордун баары өзү менен кетип калбай, акыркы сыясы кургай элек эмгеги «Өмүр өтөт билинбей» деген чыгармасында алар толук болбосо да, көп нерселери жазылып калган экен, ошого да шүгүрчүлүк келтиришибиз керек».
Жакиев «Атанын тагдырынан» башка да, «Миң кыял», «Алтын аяк», «Өкүм», «Эртең – жаңы жыл», «Жолугушуу», «Күттүргөн жаз да келер», «Саадак какты», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай», «Жаза» жана башка драмаларды жазган. Мындан тышкары бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Жазуучунун айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулуп, драмалары чет өлкөлөрдүн театрларында коюлуп келет. Ал драматург катары эле эмес, мамлекеттик ишмер катары да маданият тармагын көтөрүүгө өзгөчө салымын кошкон.