Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан Өзбекстанга маралдарды алып чыгуу аракетине түшүндүрмө берилди

Кыска кабар | 25 Апр 2021 | 589 | 0

23-апрелде, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан сейрек кездешүүчү жаныбарлар.  Маралды алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалган. УКМК — билдирген маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Жаңы-Жер тилкесинде Айдаркен чек ара отряды «Toyota Previa» унаасын токтотушкан. Ал 1972-жылы туулган Кыргызстандык  Т.Н. аттуу жаранга таандык экени аныкталган.

Унааны текшерүү учурунда 1 жаштан 4 жашка чейинки беш марал табылган. Төртөөнүн мүйүзүн жулуп салышкан.

Бул окуя боюнча «Бугу-Эне» коомдук фондунун (Караколдогу зоопарк) жетекчиси Салтанат Сеитова Sputnik агенттигине билдирген.

Сеитова, бул маралдар Караколдогу зоопаркта багылганын, алар 2012-жылы Казакстандан алып келингенин билдирди. Анын айтымында, тийиштүү документтер дагы сакталган.

«Биз бул эликтерди эч кимге берген эмеспиз. Бирок бизге төө куш баккан кыргызстандык кайрылып, төө кушка эликтерди алмаштырууну сунуштаган. Ал бул жаныбарларды расмий түрдө алган. Ортодо келишим түзүлгөн, ага ылайык, эликтерди багышы керек болчу. Алдап койгон окшойт, бирок колго түшкөндөр башкалар болуп калышы дагы мүмкүн», — деди Сеитова.

Кыргызстандан чыгарып кетүүгө аракет жасалган маралдардын мүйүзү кесилген эмес. Ветеринардын айтымында, маралдардын ургаачыларынын мүйүзү болбойт. Ал эми эркектери жыл сайын мүйүзүн өздөрү таштайт.

Ошондой эле ал жаныбарларды ташуу эрежеси бузулганын билдирип, маралдардын үчөө ургаачы, экөө эркек экенин кошумчалады.

«Ургаачыларынын мүйүзү болбойт. Ал эми эркектери жыл сайын мүйүзүн өздөрү таштайт. Сүрөттөрдү көрдүм, анда капиллярлар гана жарылып кеткен окшойт, мындай нерсе кадыресе көрүнүш. Бул жаныбарлар Кызыл китепке кирген эмес», — деди ветеринар.

Ал кармалгандар кылмыш эмес, административдик жоопкерчиликке тартылышы керектигин белгиледи.

Кыргызстандан Өзбекстанга маралдарды алып чыгууга аракет кылгандар кармалды

 

Copyright © 2017 Maral FM