Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан Өзбекстанга маралдарды алып чыгууга аракет кылгандар кармалды

Кыска кабар | 23 Апр 2021 | 1159 | 1

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан сейрек кездешүүчү жаныбарлар — маралды алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

22-апрелде Кадамжай районунун Жаңы-Жер тилкесинде Айдаркен чек ара отряды «Toyota Previa» унаасын токтотушкан. Ал 1972-жылы туулган Кыргызстандык  Т.Н. аттуу жаранга таандык экени аныкталган.

Унааны текшерүү учурунда 1 жаштан 4 жашка чейинки беш марал табылган. Төртөөнүн мүйүзүн омуруп салышкан.

Кармалган жарандар жаныбарларды Өзбекстанга жеткирүүнү көздөшкөн. Бирок айдоочунун тиешелүү документтери болгон эмес.

Учурда маралдардын базар баасы такталууда.

1 пикир

1 пикир

  1. Нурсултан

    23.04.2021 20:01

    Чыккынчылар ошол жаныбарларга тийбей көбөйтсөк болбойбу. Ушундай безприделдерге катуу чара көрбөсө жакында азайып бараткан жаныбарларыбыз калбай калышы толук мүмкүн.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM