Биз менен байланышыңыз

Үч айда дээрлик 100 кг баңгизат кармалган

Кыска кабар | 24 Апр 2021 | 359 | 0

Быйыл үч айда Мамлекеттик бажы кызматынын баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү бөлүмдөрү Кыргызстандын башка укук коргоо органдары менен биргеликте баңги кылмышынын 30 фактысын аныкташты.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, мыйзамсыз жүгүртүүдөн төмөнкү баңги заттар алынган:

  • марихуана 48 кг 304 гр 89 мг;
  • гашиш 45 кг 833гр 25мг;
  • апийим 2 гр 91 мг;
  • психотроптук каражаттар 450 гр.

Былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн алып коюу 57,9%га көбөйгөн, эгерде өткөн жылы баңги кылмышынын 19 фактысы аныкталса, анда ушул жылдын 1-кварталында баңги кылмышынын 30 фактысы аныкталды, бул өткөн жылга салыштырмалуу 11 фактыга көп.

Copyright © 2017 Maral FM