Бишкекте ушул демалыш күндөрү айыл-чарба азыктарынын жарманкеси өтөт. Аны Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, шаар мэриясы менен бирге уюштурууда.
Жармакен эртең мененки саат 10:00до башталып, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн азыктары сунушталат.
Азык-түлүк жарманкеси төмөнкү даректерде өтөт:
• Раззаков көчөсү, Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши;
• №12 кичи районундагы Нуркамал Жетикашкаева жана А.Токомбаев атындагы көчөлөрдүн кесилишинде.
• Т. Айтматов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.