Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда беш IT ишкананын жетекчилери кызматтан алынды

Кыска кабар | 23 Апр 2021 | 790 | 0

Санариптештирүүнү өнүктүрүү багытында иш алып барган беш мамлекеттик ишкананын жетекчилери кызматтан алынды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматы кабарлаган.

Маалыматка караганда, «Түндүк» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева, «Инфо-Система» мамлекеттик ишканасынын директору Руслан Токочев, «Соцсервис» ишканасынын жетекчиси Аман Абдылдаев, «Укуктун» башчысы Улукбек Юсупов кызматтан бошотулду.

Андан тышкары, «Транском» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Дыйканбаев Санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Азырынча беш жетекчинин кызматтан алынуусунун себеби ачык айтылган жок.

Copyright © 2017 Maral FM