Биз менен байланышыңыз

Баткен-Фергана-Согди облустарынын биргелешкен форуму өтүүдө (сүрөт)

Кыска кабар | 23 Апр 2021 | 686 | 0

Фергана шаарында Баткен-Фергана-Согди облустарынын биргелешкен форуму өтүүдө. Бул тууралуу «Маралга» Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова кабарлады.

22-23-апрелге белгиленген «Чек ара аймактарын интеграциялоо — өнүгүүнүн кепилдиги» аталышындагы форумга Кыргызстандын Баткен, Өзбекстандын Фергана, Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилери катышууда.

Облус башчылары чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу, элдин карым-катышын бекемдөө, облустар аралык кызматташууларды жандантууга макулдашты.

Аймактардын инвестициялык деңгээли, айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү, экспорттоо, өнөр жай, курулуш тармактары боюнча кызматташуу максаттарын билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай району менен Өзбекстандын Фергана районунун ортосунда кызматташуу боюнча мемарандумга кол коюлду.

Фергана облусундагы айыл чарба, өнөр жай, жеңил өнөр жай ишканаларында өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсү болду.

Бул күнү облус башчылары, үч облустан чогулган бизнес коомчулуктун өкүлдөрү Фергана облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларынын иши менен таанышты.

Форум бүгүн, 23-апрелде да уланат. Алдыда үч облустун бийлик өкүлдөрү жана ишкерлери, тармактар боюнча кызматташууну бышыкташат.

2021-жылдын 11-12-мартында Өзбекстандын Ташкент шаарында Баткен-Фергана облустарынын башчылары кызматташуу боюнча 22 пункттан турган бирдиктүү жол картасына кол коюшкан.

Ал эми 17-18-мартта Тажикстандын Гулистан шаарында Баткен-Согди облустарынын башчылары кызматташуу боюнча 10 пункттан турган протоколго кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM