Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы социалдык ролик жарыяланды. Аны Башкы прокуратура менен Бишкек мэриясы биргеликте иштеп чыккан.
Ролик кыргыз жана орус тилинде. Анда зомбулукка кабылгандар тууралуу статистикалар келтирилген. Ошондой эле ишеним телефондору жазылган.
2020-жылы Бишкек шаарында 4 миңге жакын үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.