Биз менен байланышыңыз

Еврокомиссия «AstraZeneca» компаниясын сотко берет

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 527 | 0

Европа Комиссиясы «AstraZeneca» компаниясына вакцина менен камсыздоодогу көйгөйлөр боюнча сотко кайрылууну көздөп жатат. Бул тууралуу «Politico» маалымдады.

Бул маселе Евробиримдик өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жыйынында талкууланганы белгиленди. «AstraZeneca» Евробиримдикке мүчө мамлекеттерге келишимде көрсөтүлгөн өлчөмдө вакциналар менен камсыз кылууга милдеттендирүүнү көздөөдө.

Буга чейин кээ бир өлкөлөрдө вакцина алган адамдардын тромбоз оорусуна байланыштуу «AstraZeneca» вакцинасы менен эмдөө убактылуу токтотулган же тыюу салынган. Ал эми компания вакцина коопсуз деп айтууда.

Copyright © 2017 Maral FM