Биз менен байланышыңыз

Тажикстанга 8 торпокту мыйзамсыз жүктөп бараткан жаран кармалды

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 528 | 0

Лейлек району аркылуу Тажикстанга торпок жүктөп бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Лейлек районунун Максат айылына жакын жерден чек арачылар «Hyundai-Porter» үлгүсүндөгү жеңил жүк ташуучу унааны токтотушкан. Унаанын айдоочусу 8 баш торпокту Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасаган. Малдын жалпы базар баасы 320 миң сомго бааланды.

Атайын документтер толтурулган соң, кармалган жаран тиешелүү органдарга өткөзүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM