Биз менен байланышыңыз

Зулушев: «Тергөө менен кызматташууну» жоюу маселесин карап жатабыз

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 691 | 0

Тергөө менен кызматташуу деген келишимди жоюу керек. Мындай пикирин Башкы  прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештеги тармактык комитеттин жыйынында айтты.

Ал Жаңы кодекстерге өзгөртүү киргизүүдө ушул маселеге көңүл бурулуп жатканын, өзгөртүүлөр парламенттин кароосуна киргизилерин билдирди.

«Жаңы кодекстерге өзгөртүү киргизе турган болсок, тергөө менен кызматташуу деген түшүнүктү жоюу керек. Себеби ал өзү кутулуу үчүн күнөөсүз кишиге айыпты оодарып, тергөө оңой жолго түшүп алды. Бүгүн тергөөчүнүн кесипкөй деңгээли, ыкчам кызматкердин кесипкөйлүгү маселе жаратпай калды. Анткени тергөө менен кызматташууга барса, бүттү, ошонун көрсөтмөсү менен башканы жоопко тартып, өзү жеңил жаза алып кетип жатат. Бул — мыйзамдагы мүчүлүштүктөр».

Бүгүн, 20-апрелде Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети, ошондой эле Укук тартиби, кылмыш менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине отчет берүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM