Биз менен байланышыңыз

«Уу коргошун маселеси министрликтин саясаты эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Апр 2021 | 1134 | 0

Уу коргошун маселеси Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин саясаты эмес. Бул тууралуу Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Нургүл Ибраева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту дарылоонун протоколунда уу коргошун дары катары кирген жок. Мында реабилитациялык дарылоого басым жасалды. Анча-мынча антибиотиктердин саны кысартылды.

«Бизде адистер жумушчу топ түзүп, активдүү иш алып барууда. Жарандар өзүн-өзү дарылоого барбашы керек», — дейт Ибраева.

Маалыматка ылайык, дарыгерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттар, дары-дармек жетиштүү.

Copyright © 2017 Maral FM