Биз менен байланышыңыз

Министр: Уу коргошунду онкологиялык оорусу барларга да берип жатам

Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 1439 | 0

«Мага Ысык-Көл тамырынан жасалган кайнатманы алуу үчүн онкологиялык оорусу барлар да кайрылып жатат», — деди Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Кактус» маалымат агенттигине берген маегинде.

Министрдин айтымында, уу коргошундан жасалган кайнатма төртүнчү даражадагы онкологиялык оорусу бар жарандарга да берилип жатат. «Кандай гана хирург, кандай гана дарыгер болбосун, төртүнчү даражадагы бейтапты Ысык-Көлдүн тамыры менен дарылаган дарыгерлерге жөнөтүп турган. Себеби башка аларды дарылоого айласы деле жок, үйүнө чыгарып беришет. Азыр ошол оорулуулар бизге кайрылып жатышат, себеби дозаны билишпейт. Биз болсо даяр кайнатманы беребиз», — деп кошумчалаган министр.

Мындан сырткары Ысык-Көлдүн тамыры менен дарылоо Улуттук онкология борборунда жүргүзүлбөгөндүгүн белгилеп өткөн. Министр төртүнчү даражадагы рак оорусу менен ооругандар, тактап айтканда, паллиативдик (айыкпас) дартка чалдыккан бейтаптар жөнүндө сөз болуп жатканын түшүндүрүп: «Алар айыкпайт делип, үйгө чыгарылган да. Үйдө жатып, өлүп калышат. Бир да оорукана аларды кабыл албайт», — деди.

Белгилей кетсек, 16-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп, коронавируска чалыккандарды уу коргошундун Ысык-Көл тамыры түрү менен дарылап жатканын, аны президент Садыр Жапаров сунуштаганын айткан.

Орусиялык вирусолог «Ысык-Көл тамыры» боюнча пикирин билдирди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM