Биз менен байланышыңыз

Орусиялык вирусолог «Ысык-Көл тамыры» боюнча пикирин билдирди

Кыска кабар | 17 Апр 2021 | 5108 | 0

Кандайдыр бир каражаттын дарылык таасири клиникалык сыноолор аркылуу гана тастыкталат. Мындай пикирин Гамалеи атындагы изилдөө институтунун профессору, вирусолог Анатолий Альтштейн билдирди.

Кандай оору болбосун, аны элдик ыкма менен дарылоо жолдору көп, бирок алардын баары эле изилдене бербейт. Вирусолог ишенимдүү натыйжа алуу үчүн клиникалык изилдөө жүргүзүлүшү керектигин кошумчалады.

«Бизде колдонууга боло турган каражаттар көп. Дарыгерлерде жардам берет деген үмүт болсо, сынап көрүшсүн. Бирок толук изилденип, сыноодон өтмөйүнчө элге жарыялап, бир нерсе деп айтуу кыйын», — деди ал.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү да «Ысык-Көл тамыры» аталышындагы (уу коргошун — Aconítum soongáricum) чөптүн кайнатмасы боюнча расмий билдирүү тараткан. Анда айтылгандай, клиникалык сыноолордо дарынын эффективдүүлүгү жана коопсуздугу изилденет. Ал маалыматтардын негизинде саламаттыкты сактоо боюнча ыйгарым укуктуу орган дары-дармектерди каттоодон өткөрүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Клиникалык сыноолордон өтпөгөн дарыны каттоого жана элге кеңири колдонууга сунуштоого болбойт.

Кечээ, 16-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы «Ысык-Көл тамыры» аталышындагы (уу коргошун) чөптүн кайнатмасын маалымат жыйынында камера алдында ичти.

Ага 15 күндөн бери президент Садыр Жапаров кандай даярдоо керектигин көрсөтүп берген. Министрдин айтымында, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM