Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад: Ташиев Савай айылына барды

Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 889 | 0

«Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы болгон элге УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев барды. Учурда ал чогулуп турган элдин пикирин угуп жатат.

16-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнө караган Ынтымак айылынын 50дөн ашуун тургуну нааразылык билдирип чыгышты.

Алар «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы экенин айтышып, төрт боз үй тигип алып, Ташиевдин келишин күтүп жатышкан.

Камчыбек Ташиев 24-25-март күндөрү Ташкент шаарында өткөн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жыйынына катышкан. Ал тараптар жыйынтыктоочу протоколго кол коюшканын, ага ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер алмашуу принциби менен такталганын айткан.

Мисалы, «Кемпир-Абад суу сактагычы», «Шарихансай каналы», «Гавасай», «Көк-Серек», «Баястан», «Ак-Таш», «Үңкүр-Тоо», «Кара-Белес» тилкелерин тактоодон өткөрүү макулдашылган.

Copyright © 2017 Maral FM