Биз менен байланышыңыз

Кыргыз кыз европалык олимпиадада коло медаль алды

Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 872 | 0

Кыргызстандык окуучу кыз математика боюнча өткөн европалык олимпиадада коло медаль алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Математика предмети боюнча кыздар арасында өткөн европалык олимпиада 9-апрелден 15-апрелге чейин Грузиянын Кутаиси шаарында онлайн режимде болуп, ага 54 өлкөдөн 213 окуучу катышты.

Кыргызстандык окуучу кыздар: «Айчүрөк» лицейинен Анарбай кызы Элнура, «Газпром Кыргызстан» мектебинен Мырсабекова Алина, Ишанкулова Каринахо,  №61 мектептен Давыдова Виктория «Газпром Кыргызстан» мектебинин базасында дистанттык режимде катышты.

Алардын арасынан «Айчүрөк» лицейинин окуучусу Анарбай кызы Элнура коло медалдын ээси болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM