Биз менен байланышыңыз

Кайыпов: Саясатчыларды камоо жана бошотуу мамлекеттик деңгээлдеги рекетчиликке айланууда

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Апр 2021 | 1033 | 0

Саясатчыларга карата козголгон кылмыш иштери менен анын натыйжасы эки башка. Мындай пикирин юрист Эржан Кайыпов «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Маселен, Өмүрбек Бабановдун аракеттеринде кылмыштын белгилери жок болгонуна карабай, 100 млн сом берип жатат. Мындай кадамдар мамлекеттик деңгээлдеги рекетчилик сыяктуу таасир калтырууда. Кылмышкер да мыйзамдуу түрдө жоопко тартылышы керек. Мындан сырткары жоопкерчилик болушу шарт», — дейт Кайыпов.

Анын айтымында, капчыктуулар уурдалган мүлктүн кайсы бир бөлүгүн мамлекетке берип, жоопкерчиликтен кутулуп кетсе, адилеттик сакталбайт.

«Кустуруу» саясатында кысым болгону далилденсе, кийин мамлекет компенсация төлөп калышы мүмкүн»

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM