Биз менен байланышыңыз

Инсульт, инфарктка чалдыккандардын көбү — эркектер. Буга стресс себеп болот

Блог | 19 Апр 2021 | 1411 | 0

«Мединфо» программасында клиникалык психолог Нургүл Кеңешбекова менен стресс темасын талкууладык.

Стресстин белгилери

Көпчүлүк адамдар маанайы жок болсо эле «стресске кабылдым» дей берет. Бул — туура эмес. Стресс диагноз катары коюлат. Ага организм кайтарым байланыш берет. Стресске кабылган адамдын уйкусу качып, табити өзгөрөт (жоголот/ачылат), ой басат, коркуу сезими күчөйт.

Айымдар сезимин сыртка чыгарат, ыйлайт, кубанат. Ал эми мырзалар сезимин көп билдире бербейт. Мындан улам инсульт, инфаркт ооруларына чалдыккандардын басымдуу бөлүгү — мырзалар. Аталган ооруларга стресс себеп болот.

Адам жини келгенде да стресске чалдыгат. Ачуулануу да — стресстин белгиси.

Илдеттин түрлөрү

Стресс 3 этап менен өтөт: биринчиси, кооптуу; экинчиси, каршылык көрсөтүү; ал эми үчүнчүсү, кабыл алуу. Стресстен арылууда психологдор жардам бере алат, адисти туура тандоо маанилүү. Мындан сырткары стресске кабылган адамды айланасындагылар түшүнүп, туура мамиле кылышы сунушталат.

Стресс узак жана кыска мөөнөттүү болот. Кыска мөөнөттүүдө адам өзү аракет кылып, стресстен чыгып кетет, организм жардам берет. Кээде жок жерден тынчсызданып, ойлоно беребиз. Мындайда организм көтөрө албай калат да, ар кандай оорулар пайда болот.

Стресстен чыгуу 

Адамдын стресстен чыгып кетишине анын кандай чөйрөдө өскөнү таасир этет. 3 жаштагы бала да стресске кабылышы мүмкүн. Бала 3 жашында өз алдынча кыймыл-аракет кылып, кээ бир нерселерди жасоого киришет. Мындайда ата-энеси токтотуп коёт. Бул — туура эмес, ата-энелер жакшы менен жаманды түшүндүрүп бериши керек.

Стресске кабылбоо үчүн

Адам кандайдыр бир маалымат укканда, «кандай кылам, эмне болот?» деп түйшөлө баштайт. Кандай гана маалымат албаңыз, өзүңүздү туура жолго багыттасаңыз, стрессте кабылбайсыз. Бала стресске кабылбашы үчүн ата-энеси сүйлөшүп, эмоционалдык жактан ар дайым колдоп турушу шарт. Урушпай, туура түшүндүрүп бериши керек.

Депрессия — стресстин өтүп кеткен түрү. Стрессти жоюу үчүн илдеттин себебин аныктоо зарыл. Ошого жараша ар кимге өзгөчө мамиле жасалат. Стрессти дарылоодо туура дем алуу, негативди позитивге которуу сыяктуу ыкмалар бар.

Стресстин алдын алуу үчүн негативден алыс болуп, көбүрөөк позитивдүү нерселерге маани берүү зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM