Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Алматынын «Кайрат» клубу менен келишимин узартты. Бул тууралуу клубдун маалымат кызматы билдирди.
Жаңы келишимге ылайык, футболчу ал жакта 2023-жылдын аягына чейин ойноп, дагы бир жылга калып кала алат.
Алыкулов «Кайрат» клубуна 2020-жылы беларустук «Неман» клубунан өткөн.
Эске салсак, Алыкулов быйыл Азия чөлкөмүндө «Аптанын оюнчусу» номинациясын эки ирет жеңип алган.