Биз менен байланышыңыз

Исмаилов: Уу коргошун ичкенде, өлүп калышың мүмкүн

Маек | 17 Апр 2021 | 7021 | 0

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы уу коргошундун «Ысык-Көл тамыры» түрүн колдонууну жалпы коомчулукка сунуштады. Министрдин сунушу коомчулукта кызуу талкуу жаратып, сынга кабылды. Мына ошол уу коргошундун медицинадагы орду жана колдонулушу боюнча жаш дарыгер Эрмек Исмаилов менен маектешип, кызыктуу жоопторду ала алдык.

Эрмек мырза айтсаңыз, жаңы дарылар коомчулукка сунушталышы үчүн кандай изилдөөдөн өтөт?

— Ар бир дары бирөөнө сунушталышы үчүн атайын клиникалык изилдөөлөрдөн өтүшү керек. Анын төрт баскычы бар: биринчиси, «клиникалык изилдөөлөргө чейин» деп аталып, жаныбарларга жасалат; экинчиси, эгерде жаныбарларга эч кандай терс  таасир этпесе, анда I фазасында 10-20 адамга жүргүзүп көрөт; үчүнчүсү, II-III-IV фазасында 3 миңден 10 миңге чейинки адамга текшерилип, изилденет; мындан жакшы жыйынтык чыкса, төртүнчү баскычта гана элге сунушталат. Уу коргошунга байланыштуу министр 300 адам деп айтып кетти. Бул абдан аз жана элге сунуштаганга кооптуу. Себеби, биз вирустун каяктан чыгып келгенин учурда билебиз. Коронавирусту дарылаган атайын протоколдор бар. Ошол эле дарылар менен дарылап, элге жардам беришибиз керек деп ойлойм.

— Министр өзү сунуштаган уу коргошун буга чейин медицинада кайсы ооруларды айыктырууда колдонулуп келген?

— Чынын айтсам, өзүм бир да жолу уу коргошун менен дарылап көргөн эмесмин. «Онкологиялык бейтаптарды дарылаган» деп гана уккам. Бирок, «Уу коргошун ичкенден кийин онкологиялык оорудан айыгып кетти», — деген сөздү уга элекмин. Ошондуктан бул жерде чындап пайдасын билгизгиси келсе, менимче, атайын окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү жана заманбап лабораторияларды койгондон кийин гана изилдөөдөн өткөрүп, сунуш берсе болот. А азыркы учурда сунуш берүү абдан кооптуу.

— Сиздин жеке пикириңизде, министрдин коронавируска каршы уу коргошунду сунуштоосуна эмне себеп болушу мүмкүн?

— Министрибиздин ою туура же туура эмес деп айтуудан алысмын. Анткени ал адамдын жеке ою жана жеке тажрыйбасынан кийин айтып жатат деген ойдомун. Бирок мен дарыгер катары алдын ала мындай сунуш берүүдөн алыс болмокмун.

— Коронавируска каршы уу коргошунду колдонуу боюнча сиздин сунушуңуз кандай?

— Жарандарга мени минтип айтмакмын да, азыркы учурда коронавирустун кайсы жактан келип чыкканы баарыбызга белгилүү. Вируска атайын дарылар, клиникалык протоколдор бар. Дүйнө жүзү боюнча окумуштуулар изилдеп, далилдеген дарылар бар. Ошолорду колдонуп жакшы болуп кетсе болот. Дарыларды алганга караганда, уу коргошун ичкенде, адам өлүп калышы мүмкүн. Менин оюм боюнча, элибиз дарылар менен вакцина алып жакшы болуп кетет.

Copyright © 2017 Maral FM