Биз менен байланышыңыз

«Ысык-Көл тамыры» кайнатмасын муздак ичүү өлүмгө жеткирет

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 1512 | 0

Коронавируска каршы «Ысык-Көл тамыры» аталышындагы чөптүн кайнатмасын муздак ичүү өлүмгө жеткирет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев басма сөз жыйында айтты.

Министр уу коргошунду ысык ичүү керектигин эскертти.

«Бул суусундукту муздак ичкен адам 5 мүнөткө жетпей көз жумат», — дейт министр.

Уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөн.

Президент Садыр Жапаров кечээ социалдык тармакта дарыгерлер бир же эки күндүн ичинде коронавирустан айыктыра турган дары табышканын жазган эле.

Министр Бейшеналиев журналисттердин алдында уу коргошун ичти

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM