Биз менен байланышыңыз

Министр Бейшеналиев журналисттердин алдында уу коргошун ичти

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 1472 | 0

Бүгүн, 16-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы «Ысык-Көл тамыры» аталышындагы (чөптүн кайнатмасы) уу коргошунду маалымат жыйынында камера алдында ичти.

Ага 15 күндөн бери президент Садыр Жапаров кандай даярдоо керектигин көрсөтүп берген.

Уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөн.

Президент Садыр Жапаров кечээ социалдык тармакта дарыгерлер бир же эки күндүн ичинде коронавирустан айыктыра турган дары табышканын жазган эле.

«2020-жылы 2-мартта Садыр Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбековго кат жазган. «Учурда коронавирус оорусу менен ооруп жатышат. Ошол ооруну токтотуу үчүн кыргыз эли кылымдардан бери колдонуп келе жаткан уу коргошунду берсек айыгышат», — деген. Оорулар токтойт деген. Бирок ал кездеги президентибиз ал катты окуп да койбоптур.

Жапаров мага кайрылып, «Туугандарымды уу коргошун менен айыктырдым, сен да берип көрбөйсүңбү», — деген. Мен анда катардагы дарыгер элем. Мен да туугандарыма берип, аларды айыктырдым. Мен Жапаровго уу коргошундун дозасын даярдап берүүсүн айттым. Себеби анын атасы көп жылдан бери салттуу медицина менен алектенген адам экен. Баласына, Садыр Жапаровго кандай дозада даярдаганда адамга пайда келтирерин үйрөтүп кетиптир. 15 күндөн бери Жапаров өзү бизге кандай даярдоону көрсөттү», — дейт министр.

Ал «Ысык-Көл тамыры» жарандарга оң таасир тийгизип жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM