Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын директорунун орун басары, актёр Таалай Тургунов 6 миң сом айлык алат. Ал эмгек акы аз болсо да, өнөр адамдары кесибин сүйүп иштей турганын айтат.
«Азыркы учурда 6 миң сом айлык менен күн өткөрүү акылга сыйбайт. Бирок ошол эле учурда сүйгөн ишибизди таштап кетүү да биз үчүн оор. Ошондуктан башка да кошумча тиричилик кылабыз. Мисалы, мен тамада болуп той алып бара калам, кечинде такси айдаган учурларым да болот. Айтор бул чөйрөнү таштабай, жан багып келе жатабыз. Биз баарыбыз театрдан кетип калсак, ким иштейт анда? Канчалык каражатты көп тапкан менен ошончолук чыгымы да көп болот дейт. Андыктан ушуга да шүгүр».
Кыргызстанда эң төмөнкү маяна алган мамлекеттик кызматкерлер — маданият тармагында эмгектенгендер. Быйыл 6-мартта А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Ак куу көлү» спектакли башталар алдында жергиликтүү артисттер нааразылык иретинде сахнага чыкпай коюшкан. Чырдын себеби эмгек акы боюнча болгон. Тактап айтканда, кыргызстандык артисттер билети кымбат коммерциялык спектаклден аларга эч кандай акча тийбей турганын, сахнага бекер чыгарын айтышкан. Бул артисттердин маянасынын аздыгын, социалдык көйгөйлөрүн дагы бир ирет козгогон.
12-апрелде Жогорку Кеңештин сoциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинде да ушул маселе көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева маданият кызматкерлеринин айлыгы 30 жылдан бери чечилбей жатканын сынга алган.
«Ак куу көлү» аттуу коммерциялык спектакли коюлуп жатканда жергиликтүү труппа каражат берилбегендиктен, сахнага чыгуудан баш тартышкан. Бул окуяга мен да күбө болгом. Негизи коммерциялык спектаклдер уюштурулат да, ага катышканы үчүн биздин опера жана балет театрынын артисттери кошумча каражат алышпайт. Буга чейин да бир нече жолугушуулар болду. Азыр бул жерде опера жана балет театрынын жетекчиси, чырдуу спектаклдин катышуучулары, Маданият министринин статс-катчысы жана башка өкүлдөр отурат. Баарыбыз өз оюбузду, позициябызды айтып, маселе эмнеде болуп жатканын талдап, чечели. Жөн эле чогулуп койбой, 30 жылдан бери келе жаткан көйгөйдөн жыйынтык чыгаралы».
Президент Садыр Жапаров 8-апрелде «Фейсбук» баракчасы аркылуу эмгек акыны жогорулатарын билдирди. Андан соң Өкмөт башчы Улукбек Марипов «Мамлекетке караштуу маданий мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү жөнүндө» токтомго кол койду. Аталган токтом боюнча Өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Толкун Камчыбекова «Маралга» буларды айтып берди:
«2021-жылдын 1-июлунан тарта маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт. Өкмөттүн тийиштүү токтомуна премьер-министр кол койгон. Аталган чечим маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган. Бул документке ылайык, «улуттук» статусуна, же «академиялык» наамына ээ маданият мекемелеринин айлык акылары 20%га көтөрүлдү. Мурда Өкмөттүн чечими менен «улуттук» статусу бар маданият мекемелеринин айлык акылары 80%га көтөрүлгөн. Башка мекемелердеги, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акыларын 50%га көтөрүү каралган».
Жогоруда айтылгандай, 2018-жылы да ошол кездеги Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Маданият кызматкерлеринин маянасын көтөрүү жөнүндө» токтомго кол койгон. Бирок анда «улуттук» жана «академиялык» макамы бар мекемелердин гана айлыгы каралып, бул категорияга кирбеген маданий мекемелердин айлыгы «чеке жылытпаган» бойдон калган. Бул жолку токтомдо бардык кызматкердин айлыгы бирдей көтөрүлөрү маалым болду.