Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, эртең, 16-апрелде түнкүсүн жана күндүз Чүй, Жалал-Абад облусунун айрым райондорунда жана Нарындын дыйканчылык аймактарында жаан жаайт.
Калган жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
Бишкекте 16-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 21…23 градус.