Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дагы 6 адам коронавирустан көз жумду

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 941 | 0

Кыргызстанда акыркы бир суткада 6 адам коронавирустан көз жумду. Анын төртөө Бишкекте, эки учур Чүй облусунда катталды. Пандемия башталгандан бери 1540 адам коронавирустан каза болду.

Өлкөдө 15-апрелге карата дагы 305 адамдан коронавирус табылды. Бул акыркы төрт айда катталган учурлардын эң көбү болду.

Ушуну менен вирус жуктургандардын жалпы саны Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 91 миң 144кө жетти.

Бир сутка ичинде 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 338 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 251 медкызматкер айыгып чыкты.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM