Биз менен байланышыңыз

Мамытов КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын отурумуна катышат

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1101 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 15-16-апрель күндөрү Санкт-Петербург шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын жазгы сессиясынын отурумдарына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясы, Европа Кеңешинин, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун, Жер ортолук деңиздин Парламенттик ассамблеялары жана Бириккен Улуттар Уюмунун террорго каршы башкармалыгы ортосунда онлайн-форматта «COVID-19 пандемиясынын шартындагы глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зордук-зомбулук экстремизми» аталышындагы конференция өтөт.

Муну менен жазгы сессиянын алкагында саясий, эл аралык кызматташтык, экономикалык жана каржы маселелери боюнча КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын да жыйындары, парламенттик делегация башчыларынын эки тараптуу жолугушуулары мерчемделген.

Андан тышкары, Талант Мамытов Санкт-Петербург шаарындагы кыргызстандык мекендештер менен жолугушат.

Эскерте кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Эмиль Токтошев, Каныбек Иманалиев жана Айнуру Алтыбаева бар.

Copyright © 2017 Maral FM