Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Экономиканы турукташтыруу боюнча планды талкуулады

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1104 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов 2021-жылга Экономиканы турукташтыруу боюнча планды талкуулады. Аталган план бизнес жана кошумча жумушчу орундарды түзүү, азык-түлүк жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо, жарандардын ишкердик жигерин колдоого багытталган 100 иш-чараны камтыйт.

Өкмөт башчы Экономиканы турукташтыруу боюнча планда жарандардын жашоосун жакшыртууга салым кошо турган иштер камтылышын тапшырды.

«Бизге жарандар үчүн реалдуу пайда алып келүүчү реформалар керек. Экономиканы турукташтыруу боюнча планда кооз сөздөргө жол берилбестен, ал иштиктүү жана реалдуу болушу керек. Өзгөчө басым бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө жасалышы керек. Мамлекеттик аппараттын ишине тоскоолдук жараткан бюрократиядан четтөө керек. Дүйнөлүк тажрыйбаны, демилгелүү топтордун идеясын пайдаланып, бизнес өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштургула. Биз биргеликте кагазда гана калбаган, толук ишке аша турган документти иштеп чыга алабыз», — деди Улукбек Марипов.

Сунушталып жаткан Экономиканы турукташтыруу боюнча план кеңейтилип, ага төмөнкү багыттагы пункттар кошулат:

— Дары-дармек департаментин санариптештирүү, мында дары-дармектин наркы төмөндөп, тармактагы коррупциялык көрүнүштөр жоюлат;

— агроөнөр жай комплексинде кардиналдуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүү, айдоо-себүү иштеринде аймактык өзгөчүлүктү жана калктын муктаждыгын эске алуу менен талдоо жана пландаштыруу аркылуу айыл чарбаны өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу.

Документ тыкыр талкууланып чыккан соң, келип түшкөн сын-пикирлер эске алынып, толуктоолор киргизилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM