Биз менен байланышыңыз

Саясатчыларды актоо бийликке мактоо алып келди

Кыска кабар , Саясат | 14 Апр 2021 | 2418 | 0

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов акталды. Октябрь окуяларындагы башаламандыкка байланыштуу кармалган Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов мындан эки күн мурун үй камагына чыгарылган. Коомчулук жана талдоочулар президенттин саясий оппоненттерине мамилеси өзгөргөнүн талкуулап жатышат. 

«Ата Мекен» партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаевге «Мегаком» боюнча козголгон иштин далили табылган жок. Ал 2017-жылы айыпталып, дээрлик төрт жылдан кийин акталды.

Үй камагында 1,5 жыл болуп, сот процесси уланып жаткан. 13-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны актаган чечим чыгарды.

Ага чейин прокуратура Текебаевдин «Мегаком ишине» байланыштуу коррупцияга тиешеси бардыгы далилденген жок» деген негизде ага айып коюудан баш тарткан.

Өмүрбек Текебаев прокуратура менен соттун мындай аракетин президент Садыр Жапаровдун сот иштерине аралашпай жатканы менен байланыштырды.

— Менин ишим акыркы бир жарым жылда саясий кырдаалдан улам созулуп келди. Сот ишине кийлигишүүлөр болгон. Бирок мага карата азыркы чыккан чечимде бийлик, тагыраагы, Садыр Жапаров кийлигишпесе керек. Анткени ал кийлигишкенде иш балким башкача бүтмөк. Баарыңарга белгилүү, биз декабрь айында Садыр Жапаров менен эл алдында катуу кайым айтышканбыз. Жапаров менин ишим боюнча («Мегаком») бирөөлөрдөн укканын айткан. Азыр ушул сыяктуу бирөөлөр менен жеке мамилесине, өзүнүн көз карашына карабай, президент сот иштерине аралашпаганы — абдан туура, ушундай болушу керек.

Прокуратуранын жана соттордун мындай чечими биринчи жана акыркы жолу болбошу керек, мындай окуя системалуу уланышы керек. Эгер далил жок болсо, жалган жалаа болсо, прокуратура да, сот да дароо чечим чыгарышы керек, адамдын өмүрүн, убактысын албашы керек. Сот, укук коргоо системасы ушул жакка өзгөрүшүн каалайт элем.

Мына биз дээрлик төрт жыл түрмөдө отурдук, ошол аралыктагы айлык, моралдык компенсация жана башка маселелер боюнча эсептесем, 4 миллион сом болот экен. Бирок мен андан баш тартам. Бюджетте акча жок кризис болуп турган маалда өкмөттөн компенсация сураганым туура эмес болуп калат.

62 жашта болгонум жана чарчап турганым менен жарандык позициям активдүү болот. Сөзсүз түрдө саясатка да аралашам.

Текебаев менен мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы «Мегаком» ишинe байланыштуу орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган деген көрсөтмөнүн негизинде камалып, 8 жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку Сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген. Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгарылган. Андан бери сот процесси уланып келди.

Саясатчылар өздөрүнө коюлган айыпты саясий куугунтук катары баалап келишти.

Мындан эки күн мурун Ички иштер министринин мурдагы орун басары, быйыл өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон Курсан Асановду Бишкек шаардык соту үй камагына чыгарды.

Курсан Асанов былтыр Бишкекте Октябрь окуяларындагы башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган эле.

Ал президенттик шайлоо учурунда бийликтин «талапкерлигиңди алып кой» деген сунушуна макул болгон эмес. Андан тышкары добуш берүүнүн натыйжасы бурмаланганын айтып чыккан.

Үй камагына чыгарылганда соттун алдында буларды айткан.

— Мен дайыма акыйкат, чындык үчүн тургам, мындан ары да ошол сапатымдан кайтпайм. Кой-Таш окуясы боюнча баары мен айткандай чыкты, азыр бул ишке күнөөлөнгөндөр каякта? Баары качып жүрөт. Октябрь окуясы боюнча да убакыт-сааты келет, баары ачыкка чыгат. Менин айтарым, бул иш аяктаган жок. Менин кылган иштерим өлкөдө мыйзамдуулук болушу, кан төгүлбөшү үчүн болгон.

Шайлоодон кийин камалган дагы бир президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев учурда камакта. Ал соттун чечими менен 25-майга чейин темир тор артында калтырылган.

Сегизбаевге жалпысынан 6 иш боюнча айып тагылган, алар «Белизгейт» окуясына, кызматтык батирлерди, бюджеттик акчаны бөлүштүрүүгө, жер тилкелерине, энчилүү курал менен сыйлоого байланыштуу иштер.

Сегизбаев өзүнө козголгон иштерди «саясий өч алуу» деп айтып келет.

Ал эми март айында мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бир иши кыскартылган. Ага карата Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ачылган иш кайра каралып, Жогорку Сот чечимдерди жокко чыгарган.

Саляновага Елисеевдин иши боюнча чыккан сот өкүмү жокко чыгарылды

Белгилүү салмагы бар саясатчылардын акталып же үй камагына чыгарылганы президент Садыр Жапаровдун оппоненттерине жасаган мамилесин күн тартибине чыгарды.

Саясий эксперт Айданбек Акматов жагдайды төмөнкүдөй баалайт.

— Менин оюмча, бир жагынан алганда бийлик саясий максаттарына дээрлик жетти. Конституциялык реформаны жасады, жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өттү, чала-була, ар кандай деңгээлде…эми саясий кырдаал бир топ турукташты. Буга чейин бийликти колдон чыгарып жиберебиз деп чочулап, чыңалып турган болсо, азыр биротоло тизгинди колго алып, ар жак-бери жагын карагандан кийин «саясий оппоненттерди кыскартуу керек, өтө эле ашыкча кысымга барбоо керек» дегендей максатты көздөп жатса керек.

Коом кандай гана кылмыш иши болбосун, саясий кырдаалга жараша чечилгенине көнүп калган. Андыктан Текебаев менен Чотоновдун акталышы да жакшы жышаан катары кабыл алынды. Болбосо алар ойлонуп табылган иш үчүн айыпталганы башынан эле айтылып келе жаткан.

Саясат таануучу Эмил Жороев Текебаев менен Чотоновдун референдумдан кийин акталышын кайсы бир деңгээлде кызматташуу катары караса болорун айтууда.

— Негизи Текебаев жана Чотоновдун ишинде далил жок болгону эбак эле түшүнүктүү болчу. Иштин маңызы боюнча алар бир жарым жыл мурун үй камагына чыккан, чечим ошондо эле чыгышы керек болчу. Созуп отуруп Текебаев депутат болбой калгандан кийин, шайлоо, референдум өткөрүп алгандан кийин заматта эле прокуратура доомат коюудан баш тартып, сот бошотуп койду. Бул бир четинен күлкүнү келтирген, бир четинен ызаланткан чечим болду деп ойлойм.

Курсан Асанов боюнча, ал киши деле кармалганда эле суроолор пайда болгон. «Ал Октябрь окуялары үчүн камалса, анда президент, УКМКда отурган кишилер эмнеге камалбашы керек?» деген суроолор айтылган. Алар да так ошондой жол менен келишкен. Андыктан менимче, азыркы кадам саясий кызыкчылык үчүн же кошумча нааразылыкка себеп болбоо аракети болушу мүмкүн. Же кайсы бир деңгээлде бирге иштешүү аракети катары караса болот.

Саясат талдоочулар, коомчулук азыркы бийликти саясий антагонизмди токтотуп, экономиканы көтөрүүгө чакырып келишет. Антпесе бул бийлик да көпкө барбасы турган иш.

Жакын арада үй камагына чыгарылган Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев коррупцияга айыпталып, мамлекетке 1 миллиард сомдук мүлкүн өткөрүп берди да, эч кайда кетпөө тил каты менен бошотулду.

УКМК: Кубанычбек Жумалиев бюжетке 1 млрд сом төлөдү

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эсенгул Исаков бийликтин азыркы кадамын жакшы баалап, кызмат талашуудан алыс болууга чакырды.

— Эгер далилденген коррупциялык иштер же мамлекетке зыян келтирген иштер менен кармалгандарды, албетте, соттор коё бербеши керек. Ал эми бүдөмүк, саясий, имиштердин негизинде кармалгандарды, төбөсү көрүнгөн саясатчыларды актап жатканы жакшы көрүнүш деп ойлойм. Алардын акылы болсо, эртеңки күнү кайра эле бийлик талашып, өз жолун улантпай, стабилдүүлүктү сактоо керек. Азыр президенттик башкаруу дегенди унутпоо керек. Бирок президент да элдин алдында берген убадасын, милдетин аткарам деп айткан, өзү айткан таза нукта жүрүшү керек.

11-апрелде жалпы элдик референдумда колдоо тапкан Конституциянын жаңы долбоору боюнча бийлик бир адамдын колуна топтолгон. Быйыл парламенттик шайлоо болору да күтүлүүдө.

Талдоочулар бийлик таасирдүү саясий оппоненттерине кандай мамиле кыларын айтууга азырынча эрте дешет.

Copyright © 2017 Maral FM