Биз менен байланышыңыз

Саляновага Елисеевдин иши боюнча чыккан сот өкүмү жокко чыгарылды

Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 968 | 0

Жогорку Сот Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Саляновага карата Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын калыбына келтирүү боюнча өкүмдү жокко чыгарды.

Жогорку Соттун 23-мартындагы чечими менен адвокат Рабига Садыкованын Саляновага карата кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылды.

Маалыматка караганда, Бишкектин Ленин райондук сотунун 2017-жылдын 10-октябрындагы, 2018-жылдын 7-февралындагы өкүмдөрү жана Жогорку Соттун 2018-жылдын 22-майындагы чыгарган аныктамасы жокко чыгарылды.

Кылмыш ишин жаңы жагдайлар боюнча Ленин райондук соту карай турган болду.

2016-жылы 26-декабрда Аида Саляновага Юстиция министрлигинин башчысы катары кылмыш иши козголгон. Ал мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп айыпталган.

Copyright © 2017 Maral FM