Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан курама командасы жайында оюнга чыгат

Кыска кабар , Спорт | 14 Апр 2021 | 2806 | 0

Март айында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын эки беттешин өткөрүү мерчемделип жатканын билдирди команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бүгүнкү маалымат жыйында.

Ал оюндарды өткөрүү боюнча атайын сүйлөшүүлөр болгонун, бирок баары эле Кыргызстандын шарттарынан улам сүйлөшкүсү келбегенин айтты.

Маселен, 25-мартта Япония менен беттешүү боюнча сүйлөшүү жүргөн.

«Биз физикалык жактан жетише алган жокпуз. Визаны Бишкектен берет. Футболчулар өз клубдарына жетишип келгенче, 24-25и болмок, баары бир жетишпей калмакпыз. Ушундай эле көрүнүш Казакстан менен болду. Казакстан менен боло турган беттеш 24-мартта, ал эми FIFA 22синде болчу. Биз даярданып да жетишмек эмеспиз», — деди Крестинин.

Ал белгилегендей, башка командаларга Кыргызстанда ойноо сунушталган, бирок «эч ким бизге учуп келүүнү каалаган» эмес.

7-июндан 15-июнга чейин Кыргызстан курама командасы Дүйнөлүк чемпионатка үч тандоо оюнун Япония, Монголия жана Мьянма командалары менен өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM