Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык Эрбол Атабаев азыркы тапта клубдарда ойнобойт

Кыска кабар , Спорт | 14 Апр 2021 | 2110 | 0

Бүгүн, 14-апрелде Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымат жыйын берди. Анда ал бир нече жыл мурун Испанияга кеткен кыргызстандык Эрбол Атабаев азыркы тапта клубдарда ойнобой турганын маалымдады.

Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусуна: «Машыктыруучулар штабы Эрбол Атабаевге көз салабы?» деген суроо берилди. Ага Крестинин төмөнкүдөй жооп берди.

«Биз, албетте, көз салып турабыз, бирок ал эч жерде ойнобойт. Маалымат бар — жакында билесиңер, азыр анын чоң көйгөйлөрү бар. Испанияда жашоо арзан жана жеңил эмес. Биз бардык кыйынчылыктарды түшүнөбүз. Бирок аны жаштар командасына ойноп келүүгө эч ким «мажбурлаган жок». Антсе да биз көз салып турабыз».

Эске салсак, 2012-жылы 10 жашар Эрбол Атабаев Испаниянын «Барселона» клубунун футбол академиясына кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM