Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын чек аралаш облустарынын өкүлдөрү жолугушат

Кыска кабар | 14 Апр 2021 | 1226 | 0

Фергана шаарында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек арага жакын облустарынын өкүлдөрүнүн үч тараптуу жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Фергана облусунун акиминин кеңешчиси, басма сөз кызматынын жетекчиси Дилмурод Жумабоев билдирген.

22-апрелде өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев башында турган Кыргызстандын делегациясы жана Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмодзода башында турган Тажикстандын делегациясы Ферганага барат.

23-апрелде Ферганада Баткен, Фергана жана Согди облустарынын ишкерлер чөйрөсүнүн катышуусунда «Чек арага жакын аймактарды интеграциялоо – өнүгүүнүн кепилдиги» аталышындагы үч тараптуу бизнес-форум өтөт, анын алкагында өнөр жай жана айыл чарба жаатында кызматташуу маселесине арналган пленардык жыйын өткөрүлүп, B-2-B жана G-2-B форматтарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн аянтча уюштурулат.

Иш сапардын программасынын алкагында облус жетекчилеринин жолугушуусу каралган.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү облустун ири өнөр жай жана айыл чарба ишканалары менен таанышып, Фергана облусунун өндүрүүчүлөрүнүн азык-түлүк көргөзмөсүнө барышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM