Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Быйыл аялдарга 4 эсе көп мандат берилет

Кыска кабар , Саясат | 13 Апр 2021 | 2185 | 0

Жергиликтүү кеңештерде аялдарга берилген депутаттык мандат мурдагы жылдарга салыштырмалуу 4 эсе көп болот.

«Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоого аялдардын талапкер катары катышуусу боюнча мониторинг жүргүздү. Мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңештердеги мандаттын 30 пайызы аялдарга берилиши керек.

«Биздин эркектер аял кадрларды өстүргүсү келбейт»

Жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо аялдар үчүн 2 миң 858 мандат берилген. Бул мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу 4 эсе көп.

Өлкө боюнча 78 округда аялдар эркек талапкерлер менен бирдей пайызда катышты. Чүй облусунда 27 округдагы талапкерлердин тең жарымын аялдар түздү. Андан кийинки орунда Ысык-Көл жана Ош облусу турат.

«Социалдык технологиялар агенттиги» уюмунун аткаруучу директору Зулфия Көчөрбаеванын айтымында, жергиликтүү кеңештерде аялдарга 30% квота берген мыйзам кабыл алынгандан бери биринчи жолу гендердик теңдик жакшы сакталды.

— Аялдарга мандат берүү боюнча мыйзам биринчи жолу жакшы сакталып жатат. Буга чейин жергиликтүү кеңештерде аялдардын шайлоого катышуусу төмөн болчу. 2016-жылы өткөн шайлоодо аялдардын катышуусу 9,6 пайызды гана түзгөн. Быйыл 420 айылдык кеңештеги 2273 шайлоо тилкесинин 28инде гана аял талапкер болгон эмес. Бул жалпы көрсөткүчтүн 1%дан ашыгын гана түзөт. Бул – аялдардын дээрлик бардык аймактар боюнча активдүүлүк көрсөткөнүн түшүндүрөт.

«Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө 2019-жылы ошол кездеги Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Ага «Жергиликтүү кеңештердеги мандаттын 30 пайыздык квотасы аялдарга берилсин» деген жобо да кирген. Анын негизинде Ысык-Көл облусунун Саруу айылдык Кеңешинде шайлоо болуп, 16 аял талапкердин 9у өткөн.

Быйыл 27-мартта президент Садыр Жапаров аялдардын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлигин коюусун колдоо иш-чарасына катышкан.

Ал анда айылдык кеңештердеги орундардын 30%ын аялдар үчүн калтыруу айылдык кеңештердеги аялдардын санынын өсүшүнө алып келерин айткан.

Анын натыйжасында жергиликтүү деңгээлде чечим чыгаруу маалында гендердик теңчиликти камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Садыр Жапаров аялдардын шайлоого активдүү катышуусун колдойт

Ошол эле учурда 11-апрелде өткөн шайлоодо kloop.kg сайтынын байкоочулары Чүй облусунун Орок айылындагы шайлоо тилкесинде эркектер аялдардын квотасына нааразы болуп жаткан видеону жарыялашкан.

Башка аялдарга да талапкерлигин алып салуу боюнча басым көрсөтүлгөн.

«Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмесинин координатору Бактыгүл Исланбекова быйыл шайлоодогу гендердик теңчиликтин сакталышына жасалган мониторинг уланып жатканын, мандаттар колго тийгенден кийин да маалымат берилерин айтты.

— Гендердик мониторинг жүргүзүү үчүн ар бир облустан 18 аймактык эксперт тартылды. Мындан тышкары улуттук деңгээлдеги 4 эксперт иштеди. Азыр шайлоонун акыркы жыйынтыктары чыга элек. Биздин божомол боюнча, жалпы 420 айылдык кеңешке бөлүнгөн 7560 депутаттык мандаттын 2900ү аялдарга тиешелүү.

Мурдагы шайлоолорго мугалим, дарыгер же башка белгилүү мамлекеттик кызматтарда иштеген аялдар катышып келсе, бул жолу активисттер, айылдарда социалдык-экономикалык, саясий иштерге аралашып жүргөндөр, чакан компаниянын башкарган, элеттеги көйгөйлөрдү чечип жүргөн аялдар да катышты.

Аймактык байкоочу Асел Дунганаеванын айтымында, аялдар катышкан партиялардын программалары да жакшы болгон.

— Аялдардын шайлоого катышуусу эркек талапкерлер үчүн да таң калыштуу болуп турат. Себеби айрым аялдар тең атаандаштыкта, квотасы жок эле көбүрөөк добуш алышты. Ушул себептен кээ бир аймактарда чыр-чатак чыкты. Бирок анын баары мыйзам чегинде чечилиши керек. Аялдарга азыр 30 пайыз квота берилип жатса, келечекте аны көбөйтүү пландарыбыз бар. Өзгөчө жаштардын шайлоого катышып жатканы кубандырат.

Депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун деген талапты колдогондордун бири Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева бул жолку шайлоодо бул квота жакшы натыйжа көрсөткөнүн айтты.

— Биз 30 пайыздык квота боюнча мыйзамды кабыл алып жатканда анын иштеп кетишине ишенбегендер, каршы пикир айткандар болду. Пандемия же башка дагы ар кандай окуялар болуп жатып, аялдарга бериле турган квота боюнча жакшы түшүндүрө албай калдык. Бирок өлкө аймактары боюнча аялдар чалып: «Биз чыксак болобу, чын эле өтөбүзбү?» — деп кызыгуу менен сурап жатышты. Чындыгында бул жолку шайлоодо квота жакшы натыйжа берди. Мен өзүм да Өзгөн жана башка райондорду ачып карап жаттым, биринчиликти алган аялдар көп болду. Алдыңкы бештикке чыккан аял талапкерлер болду. Абдан жакшы натыйжа болду. Биз  аялдарга берилиши керек болгон 30 пайыздык квота маселесин да анализдеп чыгабыз.

Кыргызстанда 11-апрелде 28 шаардык, 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду. Анда 5388 аял катталып, жалпы талапкерлердин төрттөн бир бөлүгүн түздү.

Copyright © 2017 Maral FM