Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров аялдардын шайлоого активдүү катышуусун колдойт

Кыска кабар | 27 Мар 2021 | 852 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-мартта аялдардын жергиликтүү кеңештерге шайлоого активдүү катышуусун колдоо иш-чарасына катышты.

«Кыргызстанды бирге өнүктүрөбүз!» деген ураан астында өткөн иш-чарада борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө айылдык кеңештердеги орундардын 30%ын аялдар үчүн калтыруу айылдык кеңештердеги аялдардын санынын өсүшүнө алып келерин айтты. Анын натыйжасында жергиликтүү деңгээлде чечим чыгаруу маалында гендердик теңчиликти камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Садыр Жапаров бийликтин бардык деңгээлдеринде аялдарды колдоо өлкөнү ийгиликтүү өнүктүрүүнүн чечүүчү өбөлгөсү болорун белгиледи.

Ал аялдардын үй-бүлөгө эле камкордук көрүү менен чектелбегенин, аймактар үчүн да кам көрүүгө умтулуп жатышын колдой турганын билдирип, алардын бакубатчылыкты алып келүүгө, социалдык жоопкерчиликти көтөрүүгө салым кошо аларын кошумчалады.

Ошондой эле Садыр Жапаров БУУ, ЕККУ сыяктуу эл аралык өнөктөштөрдү, Германия, Корея, Орусия, АКШ, Түркия, Швейцария, Япония өкмөттөрүн жана башкаларга шайлоого колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен биргеликте борбордогу «Ынтымак» сейил багына жергиликтүү кеңештерге шайлоого аялдардын активдүү катышуусун кеңейтүүнү колдоо максатында көчөттөрдү отургузушту.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө“ мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо аялдар үчүн 30% орунду резервдөө кепилдендирилген. Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүлөт. 7560 орундун 2943 мандаты аялдарга берилет.

Иш-чарадан соң президент Садыр Жапаров баштаган Аппарат жетекчилиги жана кызматкерлери Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын аймагында ишембилик өткөрдү.

Copyright © 2017 Maral FM