Биз менен байланышыңыз

Прокуратура Текебаев менен Чотоновду айыптоону колдоодон баш тартты

Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1397 | 0

Бүгүн, 13-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароо улантылды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, иш боюнча жарыш сөздүн жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар Текебаев менен Чотоновго карата алардын күнөөлөрү далилденбегендиктен, айыптоону колдоодон баш тартышты.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов Орусиянын жараны Леонид Маевскийден «MegaCom» мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү максатында 1 млн доллар алган деген шек менен кармалган.

Буга чейин райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку Сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.

2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайрадан карап чыгуу өтүнүчүн жактырып, 29-августта алар үй камагына чыгарылган. Ошондон бери сот иши уланып жаткан.

Өмүрбек Текебаев 2020-жылы 15-октябрда депутаттык мандат алган. Кийин соттун чечими менен кайра мандатынан ажыратылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM