Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо: Протоколдордун кечигиши

Саясат | 13 Апр 2021 | 1924 | 0

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтык протоколунун БШКнын сайтына жайгаштырылбай кечигип жатканына жарандык активисттер тынчсыздануусун билдиришүүдө. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы жыйынтык протокол текшерилип бүткөндөн кийин гана расмий сайтка жайгаша турганын айтышат. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтык протоколунун БШКнын сайтына жайгаштырылбай жатканы ар кандай бүдөмүк ойлорду пайда кылууда. Мындай пикирин укук коргоочу Рита Карасартова «Фейсбук» баракчасы аркылуу жарыялаган видео кайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, протоколдун жыйынтыгын карап, талдап, арыз жазууга үч күн убакыт берилет.

«Эки күндөн бери Борбордук шайлоо комиссиясына «протоколдорду илип койгула» деп кайрылып жатабыз. Тилекке каршы, эч кандай протокол көрбөй элебиз. Бул аябай көп шек жаратат. Баары жакшы болсо да, эч кандай протокол илинбесе, бүдөмүк ой калат: «демек тиги жерде бир нерсени бурмалашкан», — деп. Протоколду илбей коюу — жаңылыштык», — деди Карасартова.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов учурда шайлоонун жыйынтык протоколдору текшерилип жатканын билдирип, төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

«Аймактык шайлоо комиссияларында участкалык комиссиялардын протоколдору кабыл алынып жатат. Андан кийин аймактык шайлоо комиссиялары эртеңден баштап, өздөрүнүн протоколун түзүп баштайт. Азыр арыздарды карап жатышат. Кечээ, бүгүн, эртеңден баштап, анан аймактык шайлоо комиссиялары чечимдерди кабыл алат. Ошондон кийин биз аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун алууну баштайбыз. Аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун биз кабыл алгандан баштап, жарыялап баштайбыз».

Ошондой эле Бекматов участкалык шайлоо комиссияларынын 11-апрель кечиндеги чечимдери байкоочулардын колунда бар экенин айтып, аймактык шайлоо комиссиясына арыздарды бүгүн жазууга боло турганын билдирди.

Маалым болгондой, аймактык шайлоо комиссиясы арыздарды үч күн кабыл алып, эртеңден баштап чечим чыгарат. Чечим кабыл алынгандан кийин үч күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергенге укуктуу.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо учуруна көз карандысыз байкоо жүргүзгөн «Жалпы иш» коомдук фондунун өкүлү учурда 300 шайлоо тилкесинен маалымат топтолуп жатканын билдирди.

«Шайлоонун жыйынтыктары боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы да, шайлоого мониторинг жүргүзгөн уюмдар да алдын ала гана маалымат беришти. Финалдык жыйынтык 2-3 жуманын ичинде чыгат. Азыр бизде аймактардан маалымат топтолуп жатат. Алардын баарын бир сыйра караштыргандан кийин гана жыйынтык чыгарабыз. Азыр 300 шайлоо тилкесинен маалымат топтоп жатабыз. 300 тилкеден маалымат алып, аны текшерип караган бир маселе».

Кыргызстанда 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланды. Учурда шайлоонун жыйынтык протоколдору БШКнын расмий сайтына 50 пайыз жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM