Биз менен байланышыңыз

Жапаров Орозо айында ушак айтуудан, жалаа жапкандан карманууга чакырды

Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1447 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Жапаровдун айтымында, Орозо айында мусулмандардын ыйык китеби — Куран түшүрүлгөн. Орозо айында ар бир мусулманга орозо кармоо парз болуп саналат.

Орозо — ден соолукту чыңдай турган гана эмес, адамдын руханий дүйнөсүн тазарта турган мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана күнөөлөрдөн сактануунун айы, сабырдуулуктун мектеби. Себеби бир гана тамак менен суудан эмес, жаман ойлордон, ашыкча сөздөн жана суук көздөн, ушак айтуудан, жалаа жапкандан, жалган сүйлөөдөн да орозо кармоо зарыл.

Президент Орозо айы туугандар жана жакын адамдар менен мамилени бекемдөөнүн чоң мүмкүнчүлүгүн ыроолойт деп эсептейт. Андыктан бул күндөрү муктаждарга кайрымдуулук иштерин жасоону сунуштайт.

«Орозо айында Жараткан ар бир үй-бүлөгө бакыт, береке, кубаныч жана ынтымак тартууласын. Ал эми Ыйык Мекенибизге тынчтыкты, туруктуулукту, токчулукту жана өнүгүүнү алып келсин. Орозоңуздар кабыл болсун!».

Copyright © 2017 Maral FM