Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бир жумада 5 миң 638 жол эрежесин бузуу катталган

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1414 | 0

Бишкекте 2-апрелден 8-апрелге чейин 5 миң 638 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

— мас абалында унаа башкаруу — 67;
— унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 11;
— айдоочулук кубөлүгү жок унаа башкаруу — 99;
— «Коопсуз шаар» долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар унаалар — 110;
— башка жол эрежелерин бузуулар — 5 351.

Кайгуул кызматынан кошумчалагандай, эреже бузган 417 унаа айып короосуна токтотулган.

Бишкек милициясынын кайгуул кызматы жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM