Биз менен байланышыңыз

Айгерим Расул кызы тарыхый тасмада Жаңыл Мырзанын ролун аткарат

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 5665 | 0

Өлкөдө дагы бир тарыхый «Жаңыл Мырза» тасмасы тартылуу алдында турат. Анда башкы каарман Жаңыл Мырзанын ролун Айгерим Расул кызы аткарат. Бул туралуу ырчы өзү социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

«Жаңыл Мырза» тасмасында башкы каарман катары баатыр кыздын образын жаратып, тарыхый тасмада өзүмдү сынаганы турам. Албетте негизи «тарыхый тасмага тартылсам» деп кыялданчумун. Тасма тартуу долбоору бир жылдан бери иштелип жатат. Бул — өтө чоң масштабдуу долбоор. Азыр даярдыктар активдүү жүрүүдө. Буюрса, тартуу иштери күз айларында башталып, 2022-жылга чейин созулат», — деп жазган.

Бул боюнча ырчынын менеджери менен байланышканыбызда тарыхый тасма тартылуу алдында турганын тастыктап, анын режиссёру ким болору, канча каражат сарпталары, кайсы киностудия тартары сыяктуу башка маселелер боюнча кошумча маалыматтар кийинчерээк берилерин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM