Бүгүн саат 16:00гө карата жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого 856 миң 404 жаран добуш берди. Бул катталган шайлоочулардын 25,81%ын түзөт.
Шаардык кеңештерге 254 миң 732, айылдык кеңештерге 601 миң 672 шайлоочу добуш берди.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү үчүн 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.
Добуш берүү кечки саат 20.00дө жабылат.
11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу.
Жалпы шайлоочулардын 30% катышса референдум өттү деп эсептелет.
Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылган. Анын 48и чет мамлекеттерде.